Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 05:30
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Муфтият коронавирус күч алганына байланыштуу курмандык чалып, түлөө өткөрдү (сүрөт)

10.07.2020 14:49
1384
Муфтият коронавирус күч алганына байланыштуу курмандык чалып,  түлөө өткөрдү (сүрөт)


Бүгүн, 10-июлда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан COVID-19 инфекциясы күч алгандыгына жана андан каза болгон бейтаптардын арбагына багышталып куран окулуп, түлөө өткөрдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, түлөөгө муфтий Максатбек ажы Токтомушев, анын орун басары Жоробай ажы Шергазыев жана жергиликтүү жамаат катышты.

Азирети муфтий өз сөзүндө ата-бабаларыбыз бөөдө кырсыктан, ар кандай балээ-апааттардан, ооруга шыпаа берсин деп кан чыгарып, түлөө өткөргөнүн баса белгилеп, элибиздин амандыгын, биримдигин, мамлекетибиздин тынчтыгын, ооруп жаткандардын сакайып кетүүсүн жараткандан тилеп дуба кылды. 

“Жараткан Алла Таалам башыбызга келген оор сыноодон жеңил өткөрсүн. Оорудан каза болгон мусулман бир туугандарыбызга бейиштен төр насип этсин. Илдеттен жабыр тартып жаткан мусулман бир туугандарга эртерээк шыпаа берип, дарыгерлерибизге күч кубат, элибизге аманчылык берсин. Алла Таалам жакшы күндөрдү тартуулап, элибизди оору сыркоодон алыс кылсын. Элибизге биримдик берип, жергебизде тынчтык, өсүп-өнүгүү болсун. Жетекчилерге, башчыларыбызга адилеттүүлүк, күч кубат берсин. Ушул курмандык чалуубузду, түлөөбүздү Алла Таалам кабыл кылсын”, - деди муфтий.

Түлөөгө 1 бодо мал союлду. Анын эти жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жеринде таратылды. 

Теги

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Апаз
Ушул ишти жер жерлерде откоруш керек. Ар Бир айылда