Муфтият коронавируска каршы күрөшүү үчүн жардам катары 700 миң сом которду. Бул тууралуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы кызматкерлердин айлыктарынын эсебинен коронавируска каршы күрөшүү үчүн жардам катары Кыргыз Республикасынын Саламаттык Сактоо министрлигинде ачылган эсептик счетко 700 миң сом которуп берген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн