Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:29
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Муфтият мектепке жоолук салынып барган окуучуларды басмырлоо Конституцияга каршы келерин эскертти

13.10.2022 13:34
384
Муфтият мектепке жоолук салынып барган окуучуларды басмырлоо Конституцияга каршы келерин эскертти

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы мектепке жоолук салынып барган окуучулар кысымга алынбашы керектигин эскертти. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы маалымдады.


Соңку убактарда социалдык тармактарда жоолук маселеси боюнча талкуулар жүрүп, кайым айтышуулардын көбөйүп бара жаткандыгы байкалууда. Муну менен катар Жогорку Кеңештин депутатынын жоолук боюнча айткан пикири элибиздин Баш мыйзам аркылуу кепилденген дин тутуу эркиндигине каршы келет жана коомдун дестабилдешүүсүнө жол ачышы мүмкүн. 


"Кыргыз Республикасында жарандардын дин тутуу эркиндигине кепилдик берилет. Жоолук маселеси мектептин олуттуу көйгөйүнө айландырылбашы керек. 

Билим берүү мекемелерине жоолук салынып барган окуучу кыздар диний тандоолору үчүн кодуланбашы керек. Андан көрө билим берүүнү жакшыртып, келечек муундардын ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүп, жакшы тарбиялап чыгуу абзел. Кыргыз элинин салт-санаасы, улуттук баалуулуктары жана кийими Ислам динине каршы келбейт. Ата-бабалар эзелтен улуттук баалуулуктарды бекем сактап, ошол эле учурда Ислам динин дагы тутунуп келишкен.


Калкыбыздын 90 пайызы мусулманчылыкты карманат. Баш мыйзам менен кепилденген дин тутуу эркиндигин тебелеп, билим алууга ынтызар жаштардын аруу тилегин сындырганга эч кимдин акысы жок!",- деп айтылат Муфтияттын маалыматында.


Мындан тышкары, КМДБ окуучулардын жоолук салынып барышын кысымга алуу, аларды басмырлоо Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келерин эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн