Республика боюнча коронавирусту алдын алуу максатында мечиттерди дезинфекциялоо иштери башталды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда дезинфекциялоо иштери Баткен, Жалал-Абад, Нарын облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында башталды. Залалсыздандыруу иштерин Саламаттык сактоо министрлигинин санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери жргүзүүдө. Мечиттердин баары кезек-кезеги менен күнүнө 2 жолу дезинфекцияланат.
Ошондой эле, мечит кызматкерлерине күн сайын жууп тазалоо иштерин күн сайын жүргүзүү керектиги айтылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн