Бугу 19, 2024
Убакыт: 16:40
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Муфтияттын Россиядагы өкүлү Москвадагы айымдарга президент тарабынан берилген жоолуктарды тапшырды

23.08.2022 13:01
960
Муфтияттын Россиядагы өкүлү Москвадагы айымдарга президент тарабынан берилген жоолуктарды тапшырды



Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарындагы иштеп, окуп жүргөн мекендештерге өлкө башчы тарабынан берилген жоолуктарды тапшырып, аялзатынын коомдогу орду, үй-бүлө жана ата-эне, эне жана бала темаларында баяндама жасады.  


Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей,  Сүйүмбек ажы Жусубалиев аялзатынын исламдагы ордун түшүндүрүп, терс диний агымдардан оолак болуу үчүн диний маалыматтарды КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнөн алуу керектигин же Муфтияттан алууга чакырды. Ошондой эле үй-бүлө, талак жана нике маселеси боюнча насаат айтып, аялзатын билимдүү болууга үндөдү. 


«Аялзаты билимдүү болсо балдарды ыйманы, тарбиясы, адеп-ахлагы бекем болот. Андыктан бош убакытты туура пайдаланып, китеп окуу менен алек болуңуздар»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн