Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 16:22
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Муфтийди кызматтан кетирүүгө кимдер кызыкдар?

08.02.2021 13:02
2143
Муфтийди кызматтан кетирүүгө кимдер кызыкдар?


- Акыркы кезде сизге байланыштуу көп маселе пайда болду. Мунун себеби эмнеде?

- Бисмиллахир рохманир рохиим. Менин оюмча булардын баары Алланын сыноосу. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө биздин соцтармактардын колдонуучулары маалыматты тастыктабай туруп, таратып жатат.

Биздин КМДБ 4-жылга муфтийди дайындайт. Азыркы убакта менин кызмат мөөнөтүмдүн бүтөрүнө 2 айга калганына карабастан карлоо болуп жатат.


- Буга кимдер кызыкдар болушу мүмкүн?

- Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү, мурдагы муфтийлер жана айрым мамлекеттик кызматкерлер. Алар ар кандай  ушак, жалган- жалаа жабуу менен убара. Алар динди өнүктүрүү боюнча эмес башканы каралоо менен алектенүүдө.


Биздин редакцияда  активист Келдибек Аскаралиев дин боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Эргешов менен Аалымдар  Кеңешинин төрагасы сиздин ордуңузга Султан Гафуровду коюуну көздөгөнү айтылды эле. Буга карата жообуңуз...

- Ооба, бул боюнча менде да маалымат болгон. Керек болсо алар аракетке өткөн. Мага телефон чалып, ордума Султан Гафуровду койобуз деген.


- Ким чалды эле?

- Менин кеңешчим чалып, Султан Гафуров менен мурдагы муфтий Рахматулла Эгембердиевдин сөзүн айтты. Алар президенттин кеңешчиси менен ошентип чечишкенин айтыптыр.


- Сиз өзүңүз президент менен жолуктуңузбу?

- Ооба. Аны менен жолуктум.Президент дин иштерине аралашпай турганын жана муфтий бардык мыйзам чегинде каралышы керектигин билдирди. Андан кийин президенттин кеңешчиси Арзыбек Бурканов менен жолугуштум. Ал да анын атын пайдаланып, ушак таратканын айтты. Ал эч кандай дин иштерине аралашпай турганын билдирди.


- Сиз дагы өз талапкерлигиңизди коёсузбу?

- Ооба, буюрса дагы коём.


Булак: АКИпресстен кыргызчаланды

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Жамурзаев Мамарасул
Менин пикирим Максат Ажы ОЗУ эле иштей берсин омурун узуун кылсын Кудайым
Тыныч
Мен чын ыкластан Максат ажыны колдойм. Кыргыздын дини, ыйманы, адеп ахлахы которулушуно эн чон салымын кошкон аалым. ???? ???? ????
Досматова Жамиля
Мен Максат ажыны колдоор элем.Ордунда калсын.