Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын (муфтияттын) башчысын шайлоо боюнча Аалымдар кеңешинин курултайын жылдыруу сунушталууда. Бул тууралуу "Азаттык" Аалымдар кеңешинин катчылыгына таянып билдирди.
Маалыматка караганда, муфтийликке талапкерлерди караган Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы Мамасабыр Досбол уулу 5-апрелге белгиленген курултайды жылдырууну сунуштап, Аалымдар кеңешинин төрагасына кат жолдогон.
Анын каты Интернетке да тарады. Анда Досбол уулу муфтийликке талапкерлердин жактоочуларынын бири телефон чалып, коркутканын, билими шайкеш келбегенине карабай Шакир Маматовду алдыга өткөрүүнү талап кылганын жазган. Чүй облусунун казысы да комиссияга ушундай эле талап менен психологиялык басым кылып жатканын белгилеген. Буга байланыштуу талапкерлерди жана курултайдын делегаттарынын бул орунга ылайыктуу экенин жана алардын тыюу салынган экстремисттик уюмдар менен байланышын текшерип чыгуу үчүн убакыт керек деген негизде жыйындын мөөнөтүн бир айга жылдырууну сунуш кылган.
Сунуш колдоо таптыбы, жокпу азырынча белгисиз. Эгер демилгени Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү колдосо, муфтий шайлоо кийинкиге жылат. Маселе азыр каралып жатканы белгилүү болду. Анын жыйынтыгы жана кийинки жыйындын мөөнөтү тууралуу кийинчерээк маалымат бериле турганы айтылды.
Пикирлер (1)