Бугу 19, 2024
Убакыт: 14:45
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Муфтийди шайлоо эмне үчүн создуктурулуп жатат?

28.05.2021 16:36
2324
Муфтийди шайлоо эмне үчүн создуктурулуп жатат?

Аалымдар Кеңешин, Азирети муфтийди, БТКнын төрагасын шайлоо дагы бир айга, мындайча айтканда үчүнчү жолу созулгандыгы боюнча жеке пикиримди билдирип коёюн деп чечтим.


Эң негизги күрөш Муфтийдин орду болуп жатат. Ал орунга 8 талапкер катышса, анын алтоосун сынака өткөрүп экөөсүн ар кандай себептер менен Аалымдар Кеңешинин Каттоо жана Аттестациялык Комиссиясы  ( АК КжАК) өткөрбөй коюшкан. Негизи эле АК КжАК башынан эле туура эмес түзүлүп калгандыгын  коомчулук айтып ( бир аймактан болуп калгандыгын) арызданышып, кайра дагы толукталган. Экинчи дагы бир арыздануу Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиевди бир топ ката кетиргендиги боюнча кызматынан кетсин дешкен. Бирок ал бүгүнкүгө чейин аткарылбай келген. Сынака өтпөй калган эки талапкердин себептери айтылбай, алар аппеляция бере албай калышкан. Андан сырткары Аалымдар Кеңешинын сынагына 30 тай талапкер жана БТКнын сынагына 8 талапкердин укуктары да тебеленип калган. Мындайча айтканда АК КжАК себептерин жарыя кылбай туруп сынакты жарыя кылуу менен укуктук ката кетиришкен. Бул боюнча БТКнын төрагалыгына сынака өтсөм дагы айтып чыккам. Дагы бир чоң маселе Муфтийлике талапкер алтоонун ортосунда болуп, биригип бир талапкерге токтолушпай ар кимиси Бийлик тараптан колдоо издешип, бир бирин ММКда каралоо менен, акырында кээ бирлери  аксакалдарды жалдап, Муфтияттын алдында боз үй тигишип чыр чыгарышып, АК КжАКсын кысымга алышкан...


Акыры Аалымдар Кеңешинин төрагасы кызматынан кетип, АК КжАКсын түзүмүн таратышты. Эми жаңы АК КжАКсы сынак жарыялап бир айдын ичинде шайлоо өткөрүш керек. Талапка жооп берген, каалаган башка талапкерлер да катыша алышмай болду. Ушунча узак оюн, тынымсыз чырдан кийин, шайлоонун жана Курултайдын жылдырышын туура эле деп ойлойм. Кудай буюрса ушунда, Муфтийлике татыктуу талапкерди шайлап алышыбыз керек.


 Аалымдар Кеңешине жаңы шайланган төрагасы  Абдыманап каары Масалиев азыркы убактагы ахыбалды туура баамдап, адилет карап шайлоону акыйкат өткөрөт деген ниеттемин. 

Ин шаа Аллах


Бакыт Нурдинов

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн