Бугу 13, 2024
Убакыт: 17:41
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Муфтийди шайлоо саясатташпайбы?

19.03.2021 10:44
1407
Муфтийди шайлоо саясатташпайбы?

Алдыда жергиликтүү кеңештердин шайлоосунан сырткары Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи кызмат ордуна да шайлоо өткөнү турат. Буга чейинки муфтий каржы маселесине байланыштуу ызы-чуудан улам өз арызы менен кызматынан кеткени маалым.


Бүгүнкү күндө бул кызмат ордуна 8 талапкер катталганы да белгилүү болду. Алар – Нурбек Токтогулов, Сайдамир Джейналиев, Султанали Гапуров, Убайдулла Сарыбаев, Шүкүр Исмаилов, Шакир Маматов, Нематилла Жээнбеков жана Ниязали Арипов. Бул талапкерлер адегенде Аалымдар кеңешинин тандоосунан өтөт. Адегенде документациялык жактан, андан кийин жазуу түрүндө тандоо болот. Андан соң маектешүү жүрүп, анда муфтийликке талапкерлер өздөрүнүн программасын айтып берүүлөр керек. Аягында Кыргызстан мусулмандар курултайынын катышуучулары муфтийлик кызматка жалгыз талапкерди бекитишет.


Муфтийликке талапкерлердин алтоо буга чейин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын системасында иштешкенин да белгилеп коелу. Баарынын бул жаатта өз таасири, өз салмактары бар.


Интернеттеги ачык булактарда Нурбек Токтогулов жана Шүкүр Исмаилов тууралуу маалыматтар жок. Андыктан алардын басып өткөн жолдору тууралуу маалымат берүү да кыйын. Ал эми Сайдамир Джейналиев Кыргызстан аалымдар кеңешинин мүчөсү экени белгилүү.


Ниязали Арипов – Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты болгон Назарали Ариповдун бир тууган иниси. Ал 2017-жылы да муфтийлик кызматка талапкерлигин койгону менен белгилүү. Ош облусунун казысы, Ош мамлекеттик университетинин ага окутуучусу болуп иштеген. Азыркы тапта Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын алдындагы «Вакф» фондунун директору болуп саналат.


Нематилла Жээнбеков төрт жогорку окуу жайын аяктаган. Анын үчөө диний багыттагы окуу жайлар. 1998-жылдан тарта Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы системасында эмгектенген. Кыргызстандагы Ислам университетинин ректору болгон. 2010-жылы муфтийдин кеңешчиси. Учурда Жалал-Абад облусунун казысы. Беш тилде эркин сүйлөйт – кыргызча, орусча, өзбекче, арабча жана түркчө.



Шакир Маматов мурда Ош шаарынын казысы болуп иштеген. 2012-жылы ызы-чуу менен кызматтан кеткен. Ошол мезгилдеги Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жума намазы маалында Шакир Маматов этникалар аралык мамилелерге байланыштуу суроолордун берилишине жол берген деп билдирген.


Убайдулла Сарыбаев 2010-жылы муфтийдин орун басары болгон.

Ал эми Султанали Гапуров Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын даават бөлүмүнүн адиси. Дал ушул талапкер тууралуу жакында эле Акин Токталиев айтып чыккан. Тактап айтсак, мурдагы муфтийди кетирип, анын ордуна Султанали Гапуровду алып келүү тапшырмасы болгон деген. Гапуров «Эс Ти Ай Тревел» турфирмасынын жана «Аль-Фатх» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири.


Жогоруда айтып кеткендей, ар бир талапкердин өз тармагы боюнча тиешелүү деңгээлде таасирлери бар. Эми алардын арасынан муфтийликке таасын татыктуусун тандоодо саясатташпаган кадамдар жасалышы керек. Экс-муфтийге байланыштуу жаралган кырдаал да муфтияттын ишмердүүлүгүнө жетишээрлик көлөкө түшүрүп койду. Эми ошол көлөкөнү андан ары да чоңойтпостон, тескерисинче муфтият тазалыктын, акыйкаттыктын, аруулуктун башаты экендигин далилдей тургандай болушу керек.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн