Бугу 15, 2024
Убакыт: 21:27
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Муфтийди шайлоо саясатташуудан алыс болобу?

20.05.2021 12:49
1134
Муфтийди шайлоо саясатташуудан алыс болобу?


Кыргызстандын мусулмандарынын азирети муфтийин шайлоо эртең 21-майда өтөөрү белгилүү болду. Бул ирет муфтийдин кызмат ордуна 6 талапкер катталганы белгилүү болду. Алар – Нурбек Токтогулов, Султанали Гапуров, Шүкүр Исмаилов, Нематилла Жээнбеков, Ниязали Арипов, Убайдулла Сарыбаев.


Албетте, бул талапкерлердин ар биринин ислам динин таанытуу жаатында жетишээрлик салымдары бар. Андыктан бирин бөлүп карап сындап, башкасын мактагыбыз келбейт. Сынактан кимиси татыктуу өтсө, ошонусу муфтийлик кызматка шайланышы маанилүү.


Биздин айтайын деген кептин төркүнү башка. Негизи эле узак жылдардан бери карай муфтийлик кызмат ордун ээлөө саясатташып кетти. Кайсыл муфтий кандай ызы-чуунун арты менен кызматтан кетишкени да коомчулукка белгилүү. Эгемендүү Кыргызстандын биринчи муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов 1996-жылы легитимдүүлүгү боюнча маселе жаралып, кызматтан кеткен эле. Андан кийинки муфтий Абдусаттар Мажитов да аалымдар кеңешинин чечими менен кетүүгө аргасыз болгонун билебиз. Андан кийин кайра муфтийликке келген Кимсанбай ажы Абдурахманов эки жыл иштеген соң (2000-2002-жылдар), мусулмандар дин башкармалыгынын уставын бузду деген жүйө менен кызматтан алынган. Андан кийин Мураталы ажы Жуманов 2002-жылдан 2010-жылга чейин бул кызматты аркалады. Анан 2010-жылы аны белгисиз адамдар уруп-сабап, коркутууга алышканы коомчулукка билинген. Көп өтпөй каза болуп калган эле. Анан Абдышүкүр ажы Нарматов алты күн иштеп, андан кийин Сүйүн ажы Кулиев 45 күн иштеген. Баарынан өкүнүчтүүсү Сүйүн ажы да ур-токмокко кабылган. Чубак ажы Жалилов да муфтийлик кызматты эки жылча аркалап, ар кандай басымдардан улам кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Рахматулла ажы Эгембердиев бир жарым жылдай муфтиятты башкарып, чуулгандуу тасмага байланыштуу кызматын тапшырган.


Ал эми Максат ажы Токтомушевдин эмнеден улам муфтийлик кызматтан кеткен кечеки эле жаңылык эмеспи? Ага жана бухгалтерине УКМК кызматкерлерине пара беришкен деген айыптоо тагылган.


Айтор, мына ушул сыяктуу көрүнүштөр ислам динине да көлөкөсүн түшүрүп коюп жатканын айтпай коюуга болбойт. Албетте, ар бир адам Жараткандын алдында өз кылганы үчүн жооп берет. Дин чөйрөсүндө жүргөн белгилүү адамдардын ар канда иштери ислам дининин кемчилиги катары каралбайт. Бирок, ошентсе да муфтияттын айланасындагы түрдүү чуулуу окуялар жакшы жөрөлгө эмес.


Кыргызстанда дин мамлекеттен тышкары. Демек, муфтияттын ишине мамлекет кийлигишпейт. Бирок, муфтийлик кызматка өз адамын алып баргысы келген аракеттер ар дайым жасалып келген. Ошондон улам буга чейин түрдүү чуулгандуу окуялар орун алып келди. Эми бул ирет ошондой көрүнүш кайталанбашы керек. Ислам дини тазалыктын, аруулуктун бийик үлгүсү. Аны кызмат талашуу менен булгап алуу туура эмес. Мына ушуну аалымдар кеңеши да, мамлекеттик чиновниктер да, деги эле ислам динин тутунган жалпы адамдар туура түшүнүүсү зарыл. Эртең өтө турган муфтийди шайлоодо бир дагы чиновник, бир дагы саясий күч таасир этпеши керек. Сынактан жогорку баага татыганын калгандары куттуктап, анын айланасында бирдиктүү иш алып баруулары шарт.


Сагынбек Сатыкеев

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн