Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийинин орун басары Кадыр Маликовдун атасы Курманбек Бийгелдиевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
"Урматтуу Кадыр ажы! Атаңыздын дүйнө салышына байланыштуу чын көңүлүмдөн көңүл айтам. Кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сабыр кылыңыз. Жараткан маркум атаңызды өз ырайымына алып, бейиштин төрүнөн орун насип кылсын. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын атынан сизге, үй-бүлөңүзгө жана тууган-уруктарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгыңарды тең бөлүшөбүз", — деп айтылат көңүл айтуу катында..
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн