Кыргызстан мусулмандарынын дин башкарамалыгынын фуфтийинин орун басары Кадыр Маликов кызматынан убактылуу токтотуп туруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаев билдирди.
Маликов үй-бүлөлүк маселелерден улам ушундай кадамга барган.
"Кадыр Маликов кызматынан убактылуу кете туруу чечими боюнча арыз бергенине бир жумадай болуп калды. Ал муну үй-бүлөлүк себептерден улам деп негиздеген", - деди Атабаев.
Буга чейин муфтий Максат ажынын кармалышы боюнча Маликов өзү да кызматка чыга албай жатканын айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн