Бугу 09, 2024
Убакыт: 10:09
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Муфтийлердин кантип кызматтан кеткенинин таржымалы

11.02.2021 10:17
907
Муфтийлердин кантип кызматтан кеткенинин таржымалы

Кече 10-февралдын кечинде муфтий Максатбек ажы Токтомушев УКМК тарабынан «кылмышка шектүү» катары кармалганы коомчулук күтпөгөн окуя болду. Бул маалымат чагылгандай тездик менен социалдык түйүндөр аркылуу тарап, ачакей пикирлердин жаралышына түрткү болду. Муну айрымдар алдыда өтө турган жаңы мөөнөткө муфтийди шайлоо менен байланыштырышууда. Себеби, Максатбек ажы Токтомушев бул жолу да үчүнчү мөөнөткө муфтийликке талапкер боло турганын буга чейин билдирген эле.


Эске сала кетсек муфтий кармалганга чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башкы эсепчисине УКМКнын кызматкерлерине өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү фактысы боюнча иш ачылып, сотко чейинки өндүрүш башталганы белгилүү болгон. Ошол иштин алкагында муфтий да кармалып отурат. Атайын кызматтын маалыматында мындай деп айтылат: «УКМК тарабынан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгындагы (КМДБ) каржылык мыйзам бузууларга байланыштуу тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, муфтияттын жетекчилиги зыяратчылар кошкон акчаны жеке каржы мекемелерине 100 миллион сомдон ашык суммадагы насыяларды берип, ай сайын пайыздык төлөмдөрдү алуу менен өз максаттарына жумшагандыгы аныкталды». Анан дагы ушул фактылар ачыкталгандан кийин муфтияттын жетекчилиги УКМК кызматкрелерине 100 миң доллар өлчөмүндө пара сунуштагандыгы кошумча айтылган. Натыйжада башкы эсепчиси ошол параны берип жаткан жеринен кармалган.


Албетте, бул чуулгандуу иштин чоо-жайын эми укук коргоо органдары өздөрү тыкыр иликтөөгө алышат. Жыйынтыгында кимдин канчалык деңгээлде күнөөлүү экени билинет. Бирок, бүгүнкү күнгө чейинки муфтийлердин таржымалына үңүлө турган болсок, деги эле бул кызматтан урмат-сый менен узагандары дээрлик жокко эсе болгон экен.

1996-жылы Кимсанбай ажы Абдурахманов «легитимдүү эмес» деген айыптоо менен кызматтан кеткен.


Андан кийин аалымдар кеңешинин чечими менен Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы башчысы Ж. Жоробековдун жана мамлекеттик катчы Н. Касиевдин жасаган басымдарынын натыйжасында 2000-жылы Молдо Абдусаттар Мажитов муфтийлигин тапшырган.


Кайрадан муфтийлик орунга келген Кимсанбай ажы Абдурахманов 2002-жылы Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын уставын бузду деген негиз менен кызматынан кеткен.


Ошол эле жылы муфтий болуп шайланган Мураталы ажы Жуманов узакка иштеген муфтий болуп калды. Бирок, 2010-жылы ал дагы табышмактуу жагдай менен кызматынан кеткен. Кызматтан кеткенге чейин аны белгисиз бирөөлөр уурдап кетип, ур-токмокко алышканы да белгилүү.


Андан кийин Абдышүкүр ажы Нарматов Кыргызстан мусулмандар бин башкармалыгынын болгону алты гана күн жетектеген. Эмнеден улам отставкага кеткени белгисиз.


Нарматовдон кийин келген Сүйүн ажы Кулуев да кыска убакыт муфтийлик кызматта отурду. Ал дагы белгисиз он чакты адамдын ур-токмогуна кабылгандан кийин отставкага кеткен.


Ошол эле жылы шайланып, кайра ошол эле (2010-жылы) отставкага кеткен муфтийлердин катарын Руслан ажы Жумагулов да толуктайт. Аны да кызматтык абалынан ашыкча пайдаланды деп айыпташкан.


Маркум Чубак ажы Жалилов Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын 2010-2012-жылдар аралыгында жетектеди. Ага да ажылыкты уюштурууда 8 миллион сом салыкты жашырган деген айып тагылып, кылмыш иши да козголо калган. Бирок, ошол эле убакта муфтияттын иши анын убагында ачык жана айкын болуп калганын айтып келишет.


2012-жылы 17-декабрда муфтийлиике шайланган Рахматулла ажы Эгембердиев кайра 2013-жылдын 7-январында коомчулукка тарап кеткен видео үчүн кызматынан алынган.


Ошентип 2014-жылдан бери карай муфтий болуп келаткан Максат ажы Токтомушев эми финансылык чыр-чатак, болгондо да пара берүү боюнча кылмыш ишинин алкагында шектүү болуп кармалып отурат. Буга чейинки муфтийлер да ар кандай чыр-чатактардын арты менен кызматтарынан кетишкен болсо, муфтийдин камакка алынышы эгемен тарыхыбызда биринчи жолу болду.


Ушул жагдайдын өзү Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын ишмердүүлүгүндө олуттуу реформа жасалышы керек экенин далилдеп турат. Бул башкармалыкта ажылык сапарды уюштуруулардан өтө ири суммадагы акча каражаттары айланат. Дал ушул жагдай да муфтийлик кызмат ордунун талашка түшкөнүнө себеп болуп келатканы буга чейин да көп эле айтылды. Алдыда дагы ажылык сапарды уюштуруу жакындап келатат. Андыктан Максат ажы Токтомушевдин орду да кимдир-бирөөгө керек болуп калган болушу мүмкүн. Экинчи жагынан алып караганда, муфтиятка түшкөн акчаны коммерциялык уюмдарга берип, үстөк пайызын алып тургандары аныкталса, анда бул дагы шариятка туура келбеген көрүнүш.


Ошентип эгемендүү Кыргызстандын тарыхында президенттер менен муфтийлердин кызматтан кетүү тагдырлары кейиштүү гана болуп келет. Отуз жылга созулган мындай көрүнүштү акыры оң жагына оодаруу үчүн жеткиликтүү реформа жүргүзүлсө деген гана тилегибиз бар.


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн