Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси - муфтий болуу үчүн эки кишиден арыз түшүп, талапкер каттары катталды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин катчысы Акылбек Калыбеков "Азаттык" үналгысына билдирген.
Анын айтымында, талапкерлердин бири - Аалымдар кеңешинин мүчөсү Сайдамир Жээналиев, экинчиси - ислам дин илими боюнча устат Нурбек Токтогулов. Каалоочулардан арыз кабыл алуу 17-мартка чейин уланат.
Муфтийди дайындоо ушул жылдын 5-апрелинде өтөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн