Бугу 06, 2024
Убакыт: 03:54
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Муфтийликке каттоо аяктады. 8 талапкер катталды (Тизме)

18.03.2021 09:50
3074
Муфтийликке каттоо аяктады. 8 талапкер катталды (Тизме)

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтий кызматына сегиз талапкер ат салышат. Бул тууралуу КМДБнын басма сөз кызматы кабарлады.

Кечээ уюмдагы Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы талапкерлердин документтерин каттоону жыйынтыктады.


"Натыйжада Аалымдар кеңешине мүчө болууга 75 талапкер документ тапшырды. Ал эми Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызмат ордуна сегиз талапкер ат салышуу ниетин билдирген. Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 21 эсепчи катталды", — деп айтылат маалыматта.

Документтер иликтөөдөн өткөндөн кийин 29, 30, 31-март жана 1-апрель күндөрү Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы талапкерлердин билим деңгээлин, кесипкөйлүгүн текшерүү максатында сынак өткөрмөкчү.


Кыргызстандын муфтийи болууга документ тапшырган талапкерлердин тизмеси:

Нурбек Токтогулов

Сайдамир Джейналиев

Султанали Гапуров

Убайдулла Сарыбаев

Шүкүр Исмаилов

Шакир Маматов

Нематилла Жээнбеков

Ниязали Арипов

17-февраль күнү Аалымдар кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгүнө, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызмат ордуна жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы кызмат ордуна конкурс жарыяланган болчу.

Теги

Пикирлер (20)

Коопсуздук коду
Жениш
Максат ажы болсун, омур бою болсун
Змирбек
Максат ажы татыктуу
Кылычбек Омаралиев
Максат ажы Токтомушев эле татыктуу!
Эрлан кылычбеков
Максат ажы Токтомушев
Султанбек
Максат ажы