Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:04
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Мугалим жана мастерлердин квалификациясын жогорулатуунун жаңы ыкмалары апробацияланат

23.07.2020 15:28
775
Мугалим жана мастерлердин квалификациясын жогорулатуунун жаңы ыкмалары апробацияланат


Билим берүү жана илим министрлиги “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында Кыргызстандын бардык областтарында Алдыңкы тажрыйба борборлорун ачты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.


Алдыңкы тажрыйба борборлору компетенттүүлүк мамиледеги жаңы окуу программаларын апробациялоо жана ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн орто кесиптик билим берүү системасында пилоттук аянтчалар болуп саналат.


Жумуш ордунда окутууну ишке киргизүүнүн жардамы менен бүтүрүүчүлөр жөн гана теориялык билимдерди албастан, ошондой эле жабдууларда практикалык көндүмдөрдү иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул ишке орношууга өбөлгө түзөт.


Борборлор колледждердин жана кесиптик лицейлердин базасында түзүлгөн.


Ошондой эле борборлордо колледждер жана кесиптик лицейлер үчүн педагогдордун жана мастерлердин квалификациясын жогорулатуунун жаңы ыкмалары апробацияланат.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн