Түштүк аймактарда мугалимдерге Садыр Жапаровдон башкага кол топтоого болбойт экен. Мындай пикирин бүгүн президенттикке талапкер Клара Сооронкулова маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ал президенттикке шайлоого кол топтоо максатында түштүк региондогу мектептердин бирине жардам берүү үчүн кайрылган. Бирок мектеп директору Садыр Жапаровдон башкага кол топтоого тыюу салганын айткан.
Белгилей кетсек, 14-декабрь күнү БШК президенттик шайлоого катышуучуларды каттоодон өткөрөт. Шайлоого катышуу үчүн талапкер 30 миң кол топтоого тийиш.
Пикирлер (9)