Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Мугалимдер күнүндө айрым педагогдор өкмөттүн сыйлыгы менен сыйланды (сүрөт)

05.10.2020 17:32
709
Мугалимдер күнүндө айрым педагогдор өкмөттүн сыйлыгы менен сыйланды (сүрөт)

Коронавирус инфекциясынын пандемиясына карбастан мугалимдер маанилүү ишти аткарууда – балдарга билим берүү үчүн болгон аракетин жумшоодо. Бул тууралуу Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулган иш-чарада биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков өкмөттүн атынан мугалимдерди куттуктоосунда билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«2019-2020-окуу жылынын акыркы айларында мугалимдер менен бирге окуучулар жана ата-энелер окутуунун жаңы технологияларын өздөштүрө алышты. Бул чоң жетишкендик. Ошондой эле аралыктан билим берүүдө айрым көйгөйлүү маселелер боюнча нааразычылыктар бар. Бирок ага карабастан былтыркы окуу жылды үзгүлтүккө учурабай аяктадыңыздар», - деди Алмазбек Баатырбеков.

Ошондой эле ал мугалимдерди колдоо жана билимдин кадыр-баркын калыптандыруу мамлекеттин, Өкмөттүн артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.

«Өкмөт мугалимдерди колдоо боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзөт. Былтыр алардын эмгек акысы жогорулатылды. Педагогикалык багыттар боюнча бюджеттик орундардын саны 2000ге чейин көбөйдү, бул багытта билим алып жаткан студенттер үчүн стипендия эки эсе көбөйдү, биринчи кезекте мугалимдерди турак жай менен камсыз кылууга багытталган мамлекеттик ипотекалык программа киргизилди», - деп айтылат куттуктоодо.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулган иш-чарада билим берүү тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон мугалимдерге премьер-министринин атынан баалуу белек (энчилүү саат), алкыш баракчалары тапшырылыды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн