Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:27
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Мугалимдерге эмгек өргүү акылары төлөнүп берилди, - министр

23.06.2020 11:51
1117
Мугалимдерге эмгек өргүү акылары төлөнүп берилди, - министр


Мугалимдерге эмгек өргүү акылары толугу менен төлөнүп берилди. Бул тууралуу 23-июндагы брифингде каржы министри Бактыгуль Жээнбаева билдирди.

 

Анын айтымында, аймактардагы мугалимдердин баарына эмгек өргүүлөрү төлөнгөн.


Мугалимдерге эмгек өргүү акылары сому жана тыйыны кармалбай толугу менен берилди. Муну мугалимдер тастыктайт. Бишкек шаарында болсо техникалык көйгөйлөр болууда. Борбор калаага 744 миллион сом каралып берилген. Бул сумма мэрия менен Каржы министрлиги тийиштүү документтерге кол коюп, толтурулгандан кийин берилет”, - деди Жээнбаева.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн