Бугу 14, 2024
Убакыт: 01:48
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Мугалимдерге эскертүү берилди. Өзгөндө 8-9-класстын окуучуларынын ортосунда чыр чыккан

22.05.2023 11:05
689
Мугалимдерге эскертүү берилди. Өзгөндө 8-9-класстын окуучуларынын ортосунда чыр чыккан

Өзгөн районуна караштуу Ж. Мойдунов атындагы № 11 орто мектебинде окуучулар арасында пикир келишпестик болгон.


Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, окуя 17-майда сабактан тышкаркы мезгилде тыт талаасында болгон. Анда окуучулар арасындагы конфликт видео тасмага тартылып, социалдык тармактарда тарап кеткен.


Бул окуяга байланыштуу Өзгөн райондук Билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия, ата-энелер менен бирге кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча бир нече мугалимге карата тийиштүү чара колдонулган.


Мектепте жетишсиз тарбиялык иштерин алып баргандыгы үчүн Жакыпова А. “сөгүш”, мектептин социалдык педагогу Кулмаматова Г., 8 ”а” класстын класс жетекчиси Умаралиева Г., 8 “б” класстын класс жетекчиси Абдырахманова Р., 9 “б” класстын класс жетекчиси К. “эскертүү” жазасын алды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн