Бугу 16, 2024
Убакыт: 03:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Мухаммедкалый Абылгазиев 50 млн сом төлөп, абактан бошотулду

24.08.2021 09:51
1511
Мухаммедкалый Абылгазиев 50 млн сом төлөп, абактан бошотулду

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекетке 50 миллион сом компенсация төлөдү. Бул тууралуу 24.кг агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.


Маалыматка ылайык, Абылгазиев мамлекетке келтирген зыяны үчүн 50 миллион сом төлөп, УКМКнын тергөө абагынан бошотулган.


Анын баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралып, үй камагына чыккан.


Эскерте кетсек, Абылгазиев Кумтөр иши боюнча жана мыйзамсыз баюу иштери боюнча кармалган.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Эрнис
50 млн сом азго ,кызык
мырза
калган 100млн ду качан төлөйт экен