Бугу 15, 2024
Убакыт: 09:43
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Мухаммедкалый Абылгазиев ИИМге акцияларды өткөрүүдө тартипти камсыздоону тапшырды

10.03.2020 12:31
959
Мухаммедкалый Абылгазиев ИИМге акцияларды өткөрүүдө тартипти камсыздоону тапшырды


Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тараптарды жарандардын катышуусундагы акцияларда чыр-чатакка жол бербөөгө чакырат. Бул тууралуу Өкмөттөн кабарлашты. 


«Биздин эл аялдарга өзгөчө сый мамиле кылып, салттуу баалуулуктарды сактап келген. Үй-бүлөдөгү жана коомдогу айымдардын ролу дайыма өзгөчө болуп келген. Биз бул баалуулуктарды бүгүн да сактап, сыйлашыбыз керек. Укук коргоо органдары тынч жарандарды коргоо жана чыр-чатактарга жол бербөө үчүн акыркы чараларды көрүүгө тийишпиз», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев


Анын айтымында, акциялардын уюштуруучулары катышуучулардын алдындагы жоопкерчилигин сезип, чагымчылдыкка жол бербөө үчүн бардык кадамдарга баруусу зарыл.


Өкмөт башчы Ички иштер министрлигине акцияларды өткөрүү учурунда мыйзам чегинде тартипти камсыздоону тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн