Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:33
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын Премьер-министри менен сүйлөштү

25.03.2020 18:34
712
Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын Премьер-министри менен сүйлөштү


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө коронавирус инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүдө өз ара кызматташуу жана тараптардын калкты  COVID-19дан сактоо боюнча кабыл алган чаралары, ошондой эле мындан ары кызматташуунун негизги багыттарын талкуулашты. 


Эки өлкөнүн өкмөт башчылары өзгөчө абал шартында кыргыз-казак чек арасы аркылуу жүк ташууну камсыз кылуу маселесин талкууланып, дагы бир жолу өлкөлөр ортосунда товарды эркин ташуу үчүн шарт түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн