Бугу 09, 2024
Убакыт: 14:38
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Мухаммедкалый Абылгазиев Михаил Мишустин менен сүйлөштү

25.03.2020 18:42
763
Мухаммедкалый Абылгазиев Михаил Мишустин менен сүйлөштү


Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлады.


Маалыматка ылайык, өкмөт башчылар коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу маселе, анын таркашына жол бербөө боюнча кабыл алынып жаткан чараларды талкуулашкан. 


Ошондой эле, тараптар координациянын жана биргелешип аракеттенүүнун маанилүүлүгүн белгилешип, зарыл маалыматтарды ыкчам алмашуу жана тиешелүү жардамдарды берүү тууралуу макулдашышкан.


Телефон аркылуу сүйлөшүүдө Россиядан келүүчү күйүүчү май, азык-түлүк  жана товарларды ташуу мурдагыдай тартипте жүзөгө ашырылып жатканы айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн