Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өздүк коргонуу каражаттарынан турган гуманитардык жүк жүктөлгөн аскердик учак менен Ош облусуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жумуш сапарынын алкагында Өкмөт башчы Ош жана Жалал-Абад облустарында болуп, мында санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерип, тамак-аш продуктулары жана күнүмдүк керектелүүчү товарлар сакталуучу кампаларды кыдырып, жазгы-талаачылык иштеринин жүрүшү менен таанышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн