Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:30
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Мухаммедкалый Абылгазиев обсервациялык жайларда тартипти камсыз кылууну тапшырды

18.05.2020 14:58
847
Мухаммедкалый Абылгазиев обсервациялык жайларда тартипти камсыз кылууну тапшырды


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев обсервациялык жайларга убактылуу жайгаштырылган жарандарга кайрылды. Анда ал өкмөт мекендештерди өлкөгө алып келүүнү уюштуруу жана мекенге кайтканга чейин барган өлкөсүндө убактылуу туруу шарттарын түзүү үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатканын айткан. 


«Бул баарынан биринчи Россия Федерациясында жүргөн биздин жарандарга тийиштүү.  Мекендештерди этап-этабы менен алып келүүнү уюштуруу менен катар эле, алар үчүн обсервациялык жайлар оңдолуп жана бардык зарыл шарттар түзүлүп даярдалган.  Жакшы шарттар түзүлгөн – инфекциянын жугушун алдын алуу боюнча бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталган эки кишилик бөлмөлөр уюштурулган. Медицина жана милиция кызматкерлери, куткаруучулар өз өмүрүн тобокелге салып, жарандардын ден соолугун коргоо жана сактоо үчүн күн-түн дебей иштеп жатат. Алар эң жакын адамдарынан обочолонуп, үй-бүлөсүн көптөн бери көрбөй иштеп жүрүшөт», - деген Абылгазиев. 


Ал ошондой эле миллиондогон жарандар кирешесинен айрылып, чыгымдарга дуушар болуу менен карантиндик шарттарда жашоону улантып жатканын айткан.


«Жарандар инфекциянын кескин жайылуусуна жол бербөө үчүн бул кыйынчылыктардан өтүү керектигин түшүнүп жатышат. Ооругандардын сакаюу динамикасы жакшы, анткен менен тобокелдиктер дагы эле жогору. Анын баасы адамдардын өмүрүнө жана  мамлекеттин коопсуздугуна тете, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. – Үстүбүздөгү жылдын 18-мартынан тарта COVID-19 инфекциясынын тыштан келген 351 учуру аныкталган. Алардын арасында Соль-Илецктен келгендердин арасында коронавирусту жуктурган 101 адам катталган, анын ичинде 43ү бүгүн аныкталды. Бирок айрым жарандар обсервацияга келген күндөн баштап медицина кызматкерлерине каршылык көрсөтүшүүдө. Алар башка адамдардын саламаттыгына коркунуч жаратып, жарандардын тынчын алып, тартип бузушууда. Кайталоо анализи инфекциянын жок экендигин көрсөткөндө гана жарандар обсервациядан чыга аларын белгилей кетким келет! Жарандарыбыз кандай оорчулуктарга туш болгонун түшүнүп турабыз. Алар алыстан мекенине кайтып келүүнү көпкө күтүшкөн, бирок биз үчүн эң башкысы – инфекциясынын көзөмөлсүз жайылышына жол бербөө болуп саналат. Иш-аракеттердин иштелип чыккан алгоритминин эч бузбастан, алардын кынтыксыз аткарылышын камсыздоо зарыл. Вирустун жок экендиги аныкталганда гана үй карантинин сактоо үчүн аларды жашаган жерлерине жеткирүү уюштурулат. Биз биринчи кезекте туугандарыбыздын жана жакындарыбыздын, коомдун алдындагы жоопкерчилигибизди эстен чыгарбоого тийишпиз", - деп баса белгилеген өкмөт башчы. 


Премьер-министр мындан сырткары компетенттүү органдарга түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү, ошондой эле обсервацияларда тартипти сактоо жана медицина кызматкерлеринин иштөөсүнө шарттарды түзүү боюнча толук чараларды көрүүгө тапшырма берген. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн