Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:38
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Мухаммедкалый Абылгазиев жыштык чырына байланыштуу эмгек өргүү алды

27.05.2020 11:32
1017
Мухаммедкалый Абылгазиев жыштык чырына байланыштуу эмгек өргүү алды


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер-министрлердин катышуусунда жумушчу кеңешме өткөргөн. Кеңешмеде Абылгазиев Өкмөт дайыма ачык-айкын иштөөгө умтулаарын белгилеген.


Жогорку Кеңеште өкмөттүн жана премьер-министрдин дарегине радиожыштык ресурстарын узартуу жана аны кайра каттоого тийиштүү кылмыш ишине байланыштуу сын-пикир жана күнөөлүү эместигимди далилдөө чакырыгы айтылды. Мен мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын сактоону жана жыштыктарды ачык аукциондо сатууну, ошондой эле мыйзам талаптарына жооп бербеген ээлердин лицензияларын алууну колдоп келгендигимди баса белгилеп кетким келет. Бул туурасында мен Жогорку Кеңештин жыйынында да айткам. Дагы бир жолу билдирем, териштирилип жаткан ишке менин эч кандай тиешем жок жана бул маселени саясатташтырбоо керек деп эсептейм. Укук коргоо органдары объективдүү жана ар тараптуу тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Бирок тергөөгө кандайдыр бир кысым көрсөтүүлөр боюнча айыптоолордон алыс болуу үчүн, ошондой эле аны калыс жүргүзүү максатында кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алууну зарыл деп эсептейм, - деген Абылгазиев. 


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өргүү учурунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго өкмөттүн ишин координациялоону жана мамлекеттик органдардын туруктуу иштөөсүн камсыздоону тапшырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн