Бугу 16, 2024
Убакыт: 19:30
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

02.04.2020 18:50
836
Мухаммедкалый Абылгазиев Өзбекстандын премьер-министри менен телефон аркылуу сүйлөштү


Бүгүн, 2-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.  

Анда эки тараптуу өз ара кызматташуу маселелери талкууланды. Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз тарап Өзбекстандын коронавирус инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүгө көрсөткөн колдоосун жогору бааларын белгилеп, өзбек тарапка берген гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди. 

Бүгүн, 2-апрелде Ош облусуна Өзбекстандан 1000 тонна ун, 7000 комплект медициналык коргоочу костюм, бир жолу колдонулуучу № 95 респиратордон 2000 даана, 20 000 кол кап, 500 коргоочу көз айнек, 200 даана медициналык пирометр жана 2000 тест-системасы, ошондой эле аларга тийиштүү болгон реагент жеткирилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн