Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:48
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Мухаммедкалый Абылгазиевдин эс алууда жатканы – нонсенс

08.06.2020 18:26
1206
Мухаммедкалый Абылгазиевдин эс алууда жатканы – нонсенс


Учурдагы кыйчалыш абалда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин эс алууга кетип калганы бул – нонсенс. Мындай пикирди мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев “Говори ТВга” маек берип жатып билдирди.


Анын айтымында, премьер-министрдин мындай кадамы - анын жоопкерчилигинин жоктугун айгинелейт.


Менин өкмөт башчысы кызматынан кеткениме 4 жыл болду. Албетте жумуш оор. Бирок бүгүнкү убакта жаралып жаткан шартта айла жок чындыкты айтканга туура келет. Өкмөттүн иш аракети чабал, жетишсиз. Бара-бара кыйын акыбалга түшкөнү турабыз”, - деди Сариев.


Ал белгилегендей, өкмөт ушул тапта эл аралык донорлордон 10-15 жылдык мөөнөт менен 462 млн доллар карыз алып алды. 240 млн долларды Эл аралык валюта фонду насыяга берип жатат. Бул каражаттын бардыгы азыр жыртык-тешикти жапканга, кесепеттерди жойгонго гана кеткени жатат.


“Ал эми мурда болсо алган акчалар өлкөнүн инфраструктурасын оңдоого, жол салууга, мектеп, бала бакча жана башка социалдык объектилерди салууга жумшалчу. Азыр болсо жеп-ичкенге кетип жатат. Экономика менен алек болгон киши жок. Мисалы, “Джунданы” токтотуп коюшту, андан түшүп жаткан салыктар жоюлду”, - деп кошумчалады Сариев. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн