Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Абылгазиев жергиликтүү басылмаларга билдирген.
Анын айтымында, козголгон иштин курамында кылмыштын жоктугуна байланыштуу 2021-жылдын август айында кыскартылган.
Эскерте кетсек, Абылгазиевге карата УКМК коррупция жана мыйзамсыз баюу беренеси боюнча кылмыш козгоп кармаган.
Жети ай абакта отургандан кийин мурдагы премьер-министр мамлекетке 50 миллион сом төлөгөн.
Пикирлер (1)