Муктаж болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш азыктарын сатып алуу үчүн 200 миллион сом бөлүндү. Тиешелүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Финансы министрлиги тарабынан өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал мезгилинде турмуштук оор абалда калган жарандарды азык-түлү менен камсыздоо иш-чараларына 200 миллион сом бөлүнөт.
Мындай чечим калктын социалдык жактан аялуу катмарын коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү иш-чараларынын учурунда колдоо максатында кабыл алынган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн