Бугу 18, 2024
Убакыт: 21:40
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мүлк фондунун жетекчиси кызматтан бошотулду

09.02.2021 21:15
667
Мүлк фондунун жетекчиси кызматтан бошотулду

Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Жылдызбек Исакулов кызматынан алынды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.


Ал бул кызматта 1,5 жыл - 2019-жылдын август айынан бери иштеген. Бүгүн Жылдызбек Исакулов аппарат жыйынын өткөрүп, жамаат менен коштошту.


“1,5 жыл ичинде автоматташтырууну киргизүү жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча бир топ иштер жасалды. Фонддун иши ачык-айкын болуп калды. Мүлк фонду бюджеттик планды аткаруунун негизги милдетин аткарды ”, - деп баса белгиледи Жылдызбек Исакулов.


Фонддун башчысынын милдетин аткаруучу болуп төраганын орун басары Ишенбек Медетов дайындалды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн