Бугу 12, 2024
Убакыт: 07:37
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Мультимиллионерлердин жазадан кутулушу 100 миллион сомдук жардам болобу?

25.03.2021 12:40
819
Мультимиллионерлердин жазадан кутулушу 100 миллион сомдук жардам болобу?

Коррупцияга каршы айыгышкан күрөш боло турганынан акырындык менен элдин үмүтү өчө баштагансыды. Себеби, жаңы келген бийликтин чечкиндүү аракеттеринин арты менен коррупционерлер мамлекетке келтирген зыяндарын толугу менен кайтарып (ал зыяндар 100 миллион сом, же 2 миллиард сом эмес), өздөрү түрмөдө жазаларын өтөйт деген бекем ишеним бар эле. Эмнегедир коррупцияга айыптуулар адегенде камакка алынып, анан эле канча бир миллион сом күрөөгө коюп, же мамлекетке төгүп коюп, өздөрү үй камагына, же ооруканага чыгып кетишүүдө. Алтургай айрымдарына буга чейин козголгон бир нече кылмыш иштери токтотулуп, «мамлекетке жана жарандарга эч кандай зыян келтирген эмес» деген чечим чыга баштады. Тактап айтсак, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго ушундай чечим чыкты. Анан дагы аны менен мамлекетке 100 миллион сом колдоо көрсөтүү тууралуу макулдашуу болгону да айтылды.


Демек, эми буга чейин мамлекеттик үлкөн кызматтарда иштеп жүрүп, мультимиллионерге айланып алып, «Качан менин кезегим келер экен?» деп «калчылдап» тургандарга «үмүттүн» шооласы чачылгандай болду окшойт. Мамлекеттик кызматтарда жүрүп, алып койгон элиталык батирлери, көл жээгиндеги коттедждери, хансарайлары, соода түйүндөрүнүн имараттары, 100 миң долларды чапчыган автоунааларынын баарынан ажырап калабыз го деген коркунучта тургандардын жүрөктөрү ордуна келди дей берсек болот. Алар үчүн мамлекеттин эсебинен топтогон мүлктөрүнөн толук ажырап калбоонун жолу табылды. Эртең эми дагы бирөөсү «мамлекетке 100 миллион, же 50 миллион сом жардам берди» деп жоопкерчиликтен толук кутулушу мүмкүн.


Эл күткөн коррупцияга каршы күрөш ушундай беле? 30 жылдан бери мамлекеттин казынасына күч келтирип, өздөрүнүн байманасын ашырып жаткандар үчүн 100 миллион, 50 миллион сом деген жөн эле «карманный расход» болсо керек. Мындай күрөш жөн гана коррупционерлердин арам жол менен тапкан байлыктарын адалдаштырып коюу менен барабар болуп жаткан жокпу? Жазадан жеңил кутулган коррупциялык иштердин натыйжасы жаңы коррупционерлердин коркпой-үркпөй жаралышына түрткү болуп бербейби?


Сагынбек Сатыкеев


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн