Бугу 17, 2024
Убакыт: 14:54
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Мунайга болгон баа орточо 15 долларга түштү

20.04.2020 14:14
937
Мунайга болгон баа орточо 15 долларга түштү


Учурда күйүүчү майга болгон баа кайрадан арзандап жатканы кабарланууда. Айрым ЖМК өкүлдөрү маалымдагандай, майдын бир баррели 15 долларга түштү.

Бул акыркы 20 жылдагы эң төмөнкү баа. Ал эми Россиянын «Urals» маркасы 23 долларга түшсө, дүйнөдөгү эң популярдуу «Brent» мунайынын бир челеги 27 долларга чейин арзандады.

Мунай төмөндөшү коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнө өлкөлөрүндөгү экономикалык абалга байланыштуу болуп жатканы айтылат маалыматта.

Кара майдын арзандашы Россия менен Казакстандын экономикасына, улуттук акчасына терс таасир этүүдө.


Мындан 1 жумадай мурун биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы 43,5 сом болуп жатканын жана жер айдоо иштерине пайдаланыла турган запастын 80%ы даяр экенин билдирген болчу. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн