Бугу 20, 2024
Убакыт: 04:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мунайзат жана валюта рынокторундагы туруксуздук абалды татаалдаштырды, - Өкмөт

17.04.2020 16:02
1121
Мунайзат жана валюта рынокторундагы туруксуздук абалды татаалдаштырды, - Өкмөт

 

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандарды каттоо биздин негизги соода өнөктөштөрүбүздүн мунайзат жана валюта рынокторундагы туруксуздугунан келип чыккан азык-түлүк кризисинин тобокелдиктери менен коштолгону кырдаалды татаалдаштырды, деп билдирди премьер-министр Мугаммедкалый Абылгазиев коронавируска байланыштуу экономикалык кырдаал боюнча өкмөт мүчөлөрү менен өткөн кеңешмеде.

Анын айтымында, коңшу өлкөлөрдүн жетекчилиги менен убагында жетишилген макулдашуулардын натыйжасында өкмөт жүк ташуулардын негизги агымын жана товарларды импорттоонун көлөмүн сактап кала алды.

«Биз базарларда атайылап түзүлгөн дүрбөлөңдөн пайда табууну каалагандардын аракеттерин катаал түрдө токтотуп, негизги тамак-аш азыктарынын бааларынын кескин өсүшүнө жол берген жокпуз. Чекене бааларга күн сайын мониторинг жүргүзүүнү улантуудабыз, тынымсыз жүрүп турган бааларды негизсиз көтөрүү аракеттеринин алдын алууга жетишип жатабыз. Жарандарыбыз күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк менен камсыз болорунан, ал эми муктаждарга жардам көрсөтүлөрүнөн күмөн санабоого тийиш», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал убактылуу кыйынчылыктар эң коркунучтуу нерсе – кооптуу инфекциянын кеңири жайылышына жол бербөө максатында киргизилгенин белгиледи. Бул аргасыз, бирок жашоо үчүн зарыл чечим болду.  

«Ар бирибизге кесепетин тийгизген коронавирус пандемиясы биздин өлкө үчүн эң бир орчундуу сыноо катары гана эмес, улуттук экономиканы жөнгө салуу принциптерине жаңыча көз караш менен кароого шарт түзгөн маанилүү тарыхый учур болуп калат деп ишенебиз», - деп кошумчалады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн