Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 06:34
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

“Мурас” турнири: “Ден соолук” командасы байгесин майыптыгы бар балдарга берет

31.05.2023 16:02
411
“Мурас” турнири: “Ден соолук” командасы байгесин майыптыгы бар балдарга берет


Саламаттык сактоо министрлигинин “Ден соолук” командасы утушун майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо борборуна берет.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, майыптыгы бар балдарга колдоо көрсөтүү жана кам көрүү максатында министрликтин жетекчилиги жана “Мурас” футбол турниринин катышуучулары жыл сайын 1-июнда белгиленүүчү Балдарды коргоо күнүнө карата байгени Саламаттык сактоо министрлигине караштуу майыптыгы бар балдарды жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборлорунун бирине тапшырууну чечти.

Белгилей кетсек, 27-28-май күндөрү Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда “Мурас” футбол боюнча достук турнири өтүп, анда бир нече команда күч сынашкан.

Беттештин жыйынтыгында биринчи орунду “Ден соолук” командасы жеңип, оюнчуларга чемпиондун өтмө Кубогу жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн