Бугу 12, 2024
Убакыт: 03:09
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Мурат Жетимишбаев Садыр Жапаровдун колдоочуларын толеранттуулукка чакырды

17.11.2020 11:31
501
Мурат Жетимишбаев Садыр Жапаровдун колдоочуларын толеранттуулукка чакырды

Урматтуу Садыр Жапаровдун колдоо  группасындагы максатташ, достор, мен сиздерге бир ой менен кайрылууну туура көрдүм! Ооба, группада Садыр инимди колдогон сонун посторду жазып жатабыз. Ооба, биз көпбүз, бирок миллион эмес экенбиз да! Ошондуктан, биздин группадан тышкары дагы, бизге оппонент канчалаган группалар, топтор, бар экендигин да эстен чыгарбасак. Мына ушундай жагдайда биз, өз казаныбызда эле кайнап, бири бирибиздин чыккан посторубузду баса калып, кайра-кайра "лайкылдатып" коюп  ошого маашырланып  жаткан жерибиз жокбу деген суроо туулат! Чындыгында, биздин посторду көпчүлүк учурда биздин тарапташтар гана окушат. А биздин  группага кирбеген, Садыр Жапаров жөнүндө билбеген, же эки ача ойдо, арсарсып жүргөндөр канча дейсиңер. Ошондуктан урматтуу тарапташтар, биз өз посторубузду группадан тышкары да жазышыбыз абзел. Ооба, ал жерде талаш тартыш болот, ачуу сөздөр жазылат, жаның кашаят. Бирок туруктуу болуп, ачууга ачуу менен жооп бербей, биз өз талапкерибиз жөнүндө алар билбеген жагдайларды, Садыр инибиздин айткан сөздөрүн, иш аракеттерин толук, толеранттуулук менен жеткирип, ынандыруу керек. Мына, ушуну күрөш, чындап өз  талапкериңди колдогондугуң болот! Эң негизгиси адамдык маданияттын чегинен төмөн түшпөй, өз талапкерибизге татыктуу болсок! Дагы бир жагдай, азыр оппоненттердин фейктери калп эле Садыр Жапаровду колдомуш болуп, башка талапкерди басмырлаган, уятсыз сөгүнгөн посторду комменттерди жазышып, кайра Садыр инибиздин беделин түшүрүүгө жан далбас аракет кылып жатышат. Мына биз  ушундай акмак фейктерге алданып, кубаттап кетпей алардын чыныгы жүзүн ачыкка чыгарыбыш абзел.


  Урматтуу достор, күрөш, таймаш катуу болот. Ташыркабайлы, ары бери ообойлу. Буюрса биз татактуу талапкерди колдоп жаткандыгыбызды сезип, сыймыктанып  алдадагы жалпыбыздын жеңишибиз үчүн алга кете берели! САПАРЫБЫЗ БАЙСАЛДУУ БОЛУП, АК ТИЛЕКТЕР ОРУНДАЛСЫН  ...ООМИЙИИН!


Мурат Жетимишбаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн