Бугу 09, 2024
Убакыт: 20:52
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Мураталы Тагаев Ленин шайлоо округунда шайлоого даярдык иштерин көрүп чыкты

25.05.2023 14:13
236
Мураталы Тагаев Ленин шайлоо округунда шайлоого даярдык иштерин көрүп чыкты

Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Мураталы Тагаев №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерди.


Муниципалитеттен билдиришкендей, район башчысы райондогу шайлоо участкаларынын материалдык-техникалык жактан камсыз болушун, коомдук тартипти жана автоматташтырылган башкаруу тутумунун коопсуздугун, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды пандустар менен камсыз кылууну текшерди.


Шаардык жана райондук кызматтарга УШКларды материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу процессин тездетүү, участкалык шайлоо комиссиялары үчүн пандустар менен камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү, ошондой эле кызматкерлер арасында шайлоого кийлигишпөө боюнча түшүндүрүү иштерин такай жүргүзүү тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн