Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:06
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Мурда 15 жолу соттолгон УКТнын мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

Мурда 15 жолу соттолгон УКТнын мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

Алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 9-мартта билдирди.


Буга чейин милицияга бул жаран тууралуу маалымат келип түшкөн.  6-мартта Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана Сокулук РИИБдин ыкчам кызматкерлери Бишкек шаарында кылмышка шектүүнү кармашты.


Кармалган адам ИИМдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ыкчам-профилактикалык каттоодо турган 1975-жылы туулган У.А. болгон.


Басма сөз кызматында белгиленгендей, ал ар кандай кылмыштар үчүн 15 жолудан ашык соттолгон.


Кармалган адам Сокулук РИИБдин убактылуу кармаоочу жайына киргизилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн