Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 23:20
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министринин жакын адамы кармалды

15.10.2021 10:48
1297
Мурдагы Саламаттыкты сактоо министринин жакын адамы кармалды


Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызмат адамдарынын жана фармацевтикалык компаниялардын кошумча коррупциялык фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


УКМК фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын колдогон Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү улантууда.


Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, мурунку Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин туугандарынын бири "С.Ж.К." дары-дармек менен камсыздоо департаментинде дары-дармектерди каттоо жана кайра каттоону мыйзамсыз тездетүү максатында, министрликтин кызмат адамдарына пара берүү жолу менен фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын колдогондугу жөнүндө далилдер алынды.


Азыркы учурда “С.Ж.К.” карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга чейин КР УКМК тергөө камак жайына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн