1-февраль, дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министр жана өкмөттүн курамын бекитүү үчүн жыйынга чогулат.
Биздин ишенимдүү булактар кабарлагандай, премьер-министрлик кызматка учурдагы премьер-министрдин милдетин аткаруучу, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков жана өкмөттүн аппаратынын башчысы Бактыбек Аманбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.
Бирок Аманбаев бул кызматка баруудан баш тартканы кабарланууда.
Ким болсо да дүйшөмбү күнү жаңы премьер-министр белгилүү болчудай.
Пикирлер (2)