Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 16:51
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Мурдагы бажычы Райымбек Матраимов жана бир туугандары УКМКга жеткирилди

27.03.2024 09:23
117
Мурдагы бажычы Райымбек Матраимов жана бир туугандары УКМКга жеткирилди


Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана бир туугандары кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 25-мартта УКМК тиешелүү атайын кызматтар менен биргеликте Азербайжандын аймагында КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эл аралык издөөдө кармап, Кыргызстандын аймагына алып келди.

Ошондой эле аны менен бирге Р.Матраимовдун бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келинди.

Белгилей кетсек, Р.Матраимов жоюлган "Мыйзамдагы ууру" К. Асанбек менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн.

Тактап айтканда, Р.Матраимовго карата 169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.

Учурда кылмыш ишинин материалдарынын алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн