Бугу 04, 2024
Убакыт: 05:14
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Мурдагы билим берүү министри каза болду

26.04.2021 09:08
602
Мурдагы билим берүү министри каза болду

Кыргызстандын мурдагы билим берүү министри Аскар Какеев 86 жаш курагында каза болду. Маалыматты билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев "Спутник Кыргызстанга" билдирген.


Министр социалдык тармактагы баракчасына Какеевдин каза болгонуна байланыштуу үй-бүлөсүнө көңүл айтты.


"Кыргызстандын билим, илим тармагында эмгектенип, бир кезде билим берүү, илим жана маданият министри (1993-1998) болгон жана өлкөбүздөгү көптөгөн профессорлорду тарбиялаган Аскар Какеев агайыбыздын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, аза кайгысын тең бөлүшөбүз! Агайдын дүйнө салганын угуп кабыргабыз кайышып, кайгырып турабыз", — деп жазылган билдирүүдө.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн