Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев үй камагына чыкты

02.02.2024 21:29
358
Мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев үй камагына чыкты


Мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев камактан бошотулду. Бул тууралуу адвокат Кайсын Абакиров билдирди.


Анын айтымында, Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын Жамгырчиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчү канааттандырылып, сыртка чыкпоо тууралуу жазуу жүзүндөгү милдеттенмеге өзгөртүлгөн. Ал сот залынан бошотулган.


Эске салсак, 2-февралда Жамгырчиев мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган. Берилген арыздын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн