Экс-депутат, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев жана жубайы пневмония илдети менен жабыркады. Бул тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине жеке булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда алар Бишкектеги стационарлардын бирине жаткырылган. Белгилүү болгондой, Ташиев он күн мурун ооруп баштаган. Андан эки тараптуу пневмония аныкталып, абалы орточо оор деп баланууда.
Пикирлер (1)