Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүлшат Асылбаева КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрайымы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Эске сала кетсек, кечээ гана Айбек Мамыралиев Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагалыгына дайындалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн