Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбековдун диплому жасалма экени аныкталды. Бул тууралуу АКИпресс маалымат агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, экс-депутат 2003-жылдагы Кыргыз улуттук университетинин жасалма дипломун пайдаланып, Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясына тапшырып, 2014-жылы “Эл аралык мамиле” багыты боюнча окуусун аяктаган.
Аныкталгандай, Кыргыз улуттук университетинен Рыскелди Момбековдун наамына белгиленген диплом 2003-жылы берилген эмес. Буга байланыштуу Дипломатиялык академиянын диплому жокко чыгарылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн