Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Мурдагы депутат мэриянын имаратын мыйзамсыз пайдаланып келген

26.09.2023 10:11
236
Мурдагы депутат мэриянын имаратын мыйзамсыз пайдаланып келген


Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө департаменти менен биргеликте Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевдин катышуусунда жеринде муниципалдык имаратты Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Замирбек Парманкулов тарабынан мыйзамсыз пайдаланып жаткандыгы аныкталды.


Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Рабочая көчөсү 11Б дарегинде жайгашкан муниципалдык имаратты бошотуу иштери жүрүп жатат.


2023-жылдын 6-апрелиндеги келишимге ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тиешелүү Рабочая көчөсү, 11Б дарегинде жайгашкан 0,517 га муниципалдык жер тилкеси, андагы муниципалдык бала бакча комплекси Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине тиешелүү Кийизбаев көчөсү, 206 дарегинде 1,516 га түзгөн иш жүзүндөгү имараттары менен алмашылган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн