Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 19:53
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.000
1.050

Мурдагы депутат өз каалоосу менен мамлекетке 100 млн сом которду

31.05.2021 10:16
1383
Мурдагы депутат өз каалоосу менен мамлекетке 100 млн сом которду


Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын мурдагы депутаты Сергей Ибрагимов мамлекеттин бюджетине өз ыктыяры менен 100 миллион сом которду. Бул тууралуу КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан ЖКнын мурдагы депутаты Сергей Ибрагимовдун компаниялар тобунда, каржылык мыйзам бузууларына, эсептөөнүн тууралыгы жана салык төлөмдөрүн убагында төлөбөгөндүгү боюнча аудит материалдарынын алкагында коммерциялык структуралардын ишмердүүлүгүнө изилдөө иштери жүргүзүлдү

Жүргүзүлгөн салыктык текшерүүнүн натыйжасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу аныкталган жок.

Бирок С. Ибрагимов республиканын оор социалдык-экономикалык абалын эске алып, акысыз каржылык колдоо көрсөтүүгө жана мамлекетти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттин бюджетине 100 миллион сом салым кошууга ыктыярдуулугун билдирди.

Учурда жогорудагы сумма мамлекеттин эсебине толугу менен которулду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн