Бугу 14, 2024
Убакыт: 18:08
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Мурдагы министр, судья жана журналист. «Ата Мекен» партиясынын тизмегин текшеребиз

04.11.2021 20:07
939
Мурдагы министр, судья жана журналист. «Ата Мекен» партиясынын тизмегин текшеребиз


Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, «Ата Мекен» партиясы 53 талапкер менен жарышка чыкты. Тизмедеги 15 адам учурда жумушсуз. Калгандары мамлекеттик кызматта, түрдүү тармактарда иштегендер жана ишкерлик менен алектенгендер.


«Ата Мекенди» бул жолу шайлоого партиянын лидери Өмүрбек Текебаев баштап баратат. 2017-жылы Текебаев коррупцияга шектелип иш козголуп, ошол бойдон 2019-жылы үй камагына чыккан. Ошол эле 2019-жылы Текебаевге карата чыккан өкүмдөр жокко чыгарылып, иш кайра кароого жөнөтүлгөн.


«Ата Мекендин» алгачкы бештиги таанымал, медиа жүздөрдөн куралган. Партиянын дагы бир талапкери — экс-судья Клара Сооронкулова. Ал жакында эле «Ата-Мекен» менен бириккен «Реформа» партиясынын төрайымы. Ал коомчулукка Конституциялык соттун судьясы болуп турган кезинде, айрыкча 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоо алдында кеңири таанылган. 

Ошондо өкмөт «шайлоого биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар катыша албайт» деген чечим чыгарып, Сооронкулова бейөкмөт уюмдардын “бийликтин жарандарды күчтөп биометрикалык маалымат топтоо аракетине” мыйзамдуу баа берүүсүн өтүнгөн доо арызын карап, бул жарандардын Конституциялык укугун бузарын билдирген. Ошондон кийин Соттор кеңеши “Сооронкулова палатада каралып жаткан иш боюнча журналисттерге билдирүү жасап, төрага жана судьяларга сын айтып, судьянын абийир кодексинин талаптарын бузганы үчүн” аны иштен алууну сунуш кылган. Сооронкулова өзүнүн мыйзамсыз иштен алынганын белгилеп, Бириккен Улуттар Уюмуна жана эл аралык коомчулукка кайрыларын айткан.


Партиянын тизмесиндеги үчүнчү талапкер иликтөөчү журналист Али Токтакунов. Ал коомчулукка бажыдагы коррупция менен аткезчилик жөнүндө иликтөөлөрү менен белгилүү.


«Ата Мекендин» биринчи бештигинде 2020-жылдын октябрь окуяларында элдин эсинде калган жаш ишкер Тилек Токтогазиев да бар. Ал былтыр парламенттик шайлоого ушул эле партиянын тизмеси менен катышкан. Токтогазиев шайлоодон кийинки саясий иш-чаралардын чордонунда жүрдү. Ала Тоо аянтындагы митингчилер кагылыша кеткен учурда  таштан жаракат алып, башы жарылган. Өлкөдөгү толкундоолордон кийин премьер-министрлик кызматка талапкерлиги сунушталган. 

Садыр Жапаров премьер-министр болуп дайындалгандан кийин Токтогазиевди айыл чарба министри кызматына алып келген. Чарбачыл ишкер министрликти деле көпкө башкарган жок. Ушул жылдын февраль айынын башында жумуштан кеткен. 

«Беш мүнөт» каймана аты менен таанылган Токтогазиев

2020-жылы августта журналист Болот Темиров «Ата Мекен» партиясынын «Мекеним Кыргызстан», тактап айтканда Матраимовдун үй-бүлөсү менен байланышы тууралуу чакан видео материал даярдаган. Ага Тилек Токтогазиев соцтармактагы баракчасы аркылуу жооп кайтарган. Бул билдирүүсүнөн кийин Токтогазиевге «Беш мүнөттө» деген ылакап ат да жармашкан.

Наталья Никитенко «Ата Мекендин» тизмеси менен ушуну менен төртүнчү ирет шайлоого баратат. Ал Жогорку Кеңештеги Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш жана Кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш комитеттерин жетектеди жана адам укуктары, демократиялык баалуулуктар, сөз эркиндиги тууралуу өз позициясы, пикири бар депутат катары таанылды.​

«Жумушсуз» талапкерлер

«Ата Мекен» партиясы БШКга жалпы 54 талапкердин тизмесин тапшырган. Бирок Боршайком №42 катардагы жаранды талапкер катары каттаган жок. Натыйжада партия 53 талапкери менен жарышка аттанды. Анын ичинен 15 киши жумушсуз деп көрсөтүлгөн. Катарында БШКнын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, саясатчы Бектур Асанов да бар. 


Буга чейин Асанов Жогорку Кеңештин экинчи чакырылышынын депутаты (2000-2005 жылдары), Кыргызстандын Пакистандагы элчиси жана Жалал-Абад облусунун губернатору болуп иштеген. Былтыр президенттик шайлоого катышуу үчүн да Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырган.

2016-жылдын март айында Асанов экс-депутат Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков менен биргеликте «Бийликти күчкө салып тартып алуу» беренеси менен шектелип, УКМК тарабынан кармалган. Саясатчылардын кармалышына соцтармактарда жарыяланган аудиожазуу себеп болгон. Анда Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана убактылуу өкмөттүн ички иштер министринин мурдагы орун басары Дуулатбек Турдуналиевдин бийликти кулатуу пландарын талкуулап жатканы жаздырылган. Асанов бул аудиожазуулар жасалма экенин айтып келген.

Сот 2017-жылы Асанов менен Кадыровду мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга, ал эми Карыбековду 20 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Асанов менен Кадыров 2019-жылдын февраль айында мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган. 

Мурдагы бажы кызматынын полковниги Ким Ин Сен да «Ата Мекендин» тизмесинде 15-орунда турат. Ал былтыр да шайлоого ушул партиянын тизмесинде катышкан. Ким Ин Сен бажы тармагында 2001-2017-жылдары иштеген жана Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажысынын башчылыгына чейин жеткен. Былтыр Кыргызстандагы корейлердин коомдук бирикмесин лидери болуп дайындалган. 

Журналист Болот Темировдун «Ата Мекен» тууралуу видео материалында Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы Исламбек Матраимов, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизме башында турган Мирлан Бакиров жана Ким Ин Сен болуп шеринеде чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялаган. Мындан улам «Ата Мекенди» Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланыштырганга аракет кылган.


Ошондой эле партиянын курамында жарандык активист,  “Интербилим” коомдук уюмунун Оштогу өкүлү Гүлгакы Мамасалиева, «Кыргыз спорт» телеканалынын продюсери Адилет Темирланов, 5-каналдын журналисти Керимбек Айдаров жана Эл аралык арбитраждык соттун маалымат катчысы Нурдин Дүйшөнбеков бар. 

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Быйыл Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат. Алардын 54ү партиялык, 36сы бир мандатту округдан келет.

Булак: t-media

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн